Орусия менен Кошмо Штаттары өзөктүк куралдар боюнча келишимге ушул айда кол коюшат. Бул тууралу Кремлевдин өкүлү Аркадий Дворкович маалымат каражаттарына билдирди. Июль айында мындай кол коюуга макулдугун президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев Москвадагы жолугушууда билдиришкен эле.