Экстремизмге каршы күрөштө адам укуктары сакталат

ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросунун Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан мындай багыттагы иш-чара кечээ башталган. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат. Семинарда негизги көңүл -экстремизмге каршы күрөшүүүдө адам укуктарынын сакталышына бурулууда.

Айрым укук коргоо уюмдары Кыргызстанда бийлик экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү деген шылтоо менен катардагы адам укуктарын тебелеп жатат деп билдирип келишет.(ZKo)