Күйүүчү майлар акыркы беш айдын ичинде 43% кымбаттады

Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт. Анда белгиленгендей Ноябрь айында А-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 3 пайыз, А-93 үлгүсүндөгү 4 пайызга, дизелдик күйүүчү май дээрлик 7 пайызга көтөрүлдү. Маалыматта айтылгандай, баалар мындан ары дагы өсүшү күтүлөт, буга Орусиядагы экспорттук төлөмдөрдүн көтөрүлүшү менен Казакстандын күйүүчү майды сыртка сатууга чектөө коюусу себеп болуусу мүмкүн.