Италия Ооганстанга 1000 аскер жибериши мүмкүн

Бул тууралуу Италиянын Коргоо министрлигине шилтеме жасап, Батыштагы бир топ маалымат агенттиктери кабарлап жатышат. Кабарга караганда, өлкө АКШнын президенти Барак Обаманын “ооган стратегиясын” колдоо иретинде келерки жылы 500дөн 1500ге чейин аскер жибериши мүмкүн. Италиянын Коргоо министри Игнацио Ла Русса “Corriere della Sera” басылмасындагы интервьюсунда 1,5 миң аскер деген маалымат өтө эле “ашкере айтылганын” деп билдирген.