Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясы эртең жыйынга чогулат. Анда президент Курманбек Баиев баш прокурор кызматына сунуштаган Нурлан Турсункуловго макулдук берүүнү карайт. 23-ноябрда Н. Турсункулов президенттин жардыгы менен адилет министри кызматынан бошотулуп баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Мурунку баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев президенттин коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңешчиси болуп бекиген. (EBM)