“Таза табигат” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алардын эсеби боюнча энергетика тармагына 2008-жылга чейин 350 миллион доллардан ашуун каражат келгенин билдирди. Анын айтымында, мындай ири өлчөмдөгү каражатка эмнелер жасалганы тууралуу суроолорго тиешелүү жетекчилер алгылыктуу жооп бере албай келишет.
Ал эми белгилүү энергетик Николай Кравцовдун айтымында, Энергетика министрлигинин жетекчилиги 2008-жылга чейин 392 миллион доллар кредит келгенин айтышкан. Энергетика тармагынын жетекчилиги аталган каражаттар оңдоо иштерине, жаңы курулуштарга кеткенин айтышканы менен жарандык коом өкүлдөрү мынчалык ири каражаттын эмнеге жумшалганын так, даана көрсөтүлүшүн талап кылышууда. (IJz)