Өзгөн райондук соту “Тулпар” акционердик коомунун директорунун чуулгандуу ишин карап жыйынтыктоонун алдында турат. Аталган ишкананын башчысы Саипжанов Пазыл акциялардын контролдук пакетин документтерди бурмалоо жолу менен өзүнө менчиктеп алган жана ишканага оор материалдык зыян келтирген деп айыпталууда.
“Тулпар” ишканасынын жетекчисинин иши боюнча сот соңку айда эле эки жолу болжогон күнү болбой калды. 20-ноябрда болбой калган сот жыйынынын себеби айтылган эмес, ал эми 25-ноябрда айыпкердин ооруп калганынан улам сот башка күнгө которулду. Арызданып жаткан тарап сот бул ишти будамайлап бүткөрүү үчүн атайын создуктуруп жатат деп тынчсызданууда. (KCh)