Бишкектеги мектептердин каржылык ишмердиги текшерилди

Билим берүү министрлиги баш калаадагы мектептердин каржылык-чарбалык ишмердигин текшерүүнү аяктады. Бул иш чара мектептерде ата-энелерден жыйналган акчалардын канчалык мыйзамдуу пайдаланылып жаткандыгын аныктоо максатында Эсеп палатасы жана Коомдук палатанын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы декабрдын башында боло турган министрликтин коллегиясында каралат. (KCh))