КМШ терроризмге каршы жакшы бирикпей жатат

Бул тууралуу терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 24-25-ноябрда Бишкекте өткөн эл аралык жыйында кабыл алынган билдирүүдө айтылат. Анда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттер терроризмдин азыркы проблемаларын чечүүдө жетиштүү чара көрбөй жатканы белгиленген. Мындай кемчиликти террористтик жана экстремисттик уюмдар өз пайдасына натыйжалуу колдонуп жатканы кошумчаланган. КМШга мүчө мамлекеттер аймактагы эл аралык абройлуу уюмдар менен бул жаатта кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу чакырыгы айтылган. Аймактын коопсуздугуна Ооганстандан коркунуч күч экени баса белгиленип, дүйнөлүк коомчулукка Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы карызын ооган коомчулугуна колдоо көрсөтүү менен алмаштыруу жактарын карап көрүү сунушталган. (EBM)