Чек ара кызматы Ош шаарына көчтү

Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбековдун маалымдоосуна караганда, Кыргызстан Чек ара кызматы 90% түштүк борборго көчүп барды. Башкаруу иши Ош шаары аркылуу жүргүзүлө баштады. Офицерлердин турак-жай маселесин чечүү максатында бир имарат оңдолууда. Ал бүтсө 30 офицер квартиралуу болот.(AiT)