Азербайжан менен Армения Карабак боюнча сүйлөшөт

Эртең Мюнхенде өтө турган жолугушууну Азербайжандын президенти Илхаи Алиев "чечүүчү" деп атады. Жума күнү кечинде сыналгыдан сүйлөп жатып, Алиев жекшембиде өтө турган жолугушуу “чечүүчү сүйлөшүү болот” деп айтты. Бирок анда маселе жөнгө салынбаса, Азербайжан аны күч менен чечүүгө да укугун сактап калат деп билдирди. “Эгерде сүйлөшүүдөн майнап чыкпаса, бизде башка арга калбайт”, - деп айтты ал. Алиев эки өлкө үчүн талылуу Тоолуу Карабак маселеси боюнча армениялык президент Серж Саркисян менен жекшембиде Мюнхенде сүйлөшмөкчү.