Чочко тумоосуна чалдыккандар дагы бешке көбөйдү

Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин башчысы Төлөн Исаков билдирди. Адистин айтымында илдет менен жабыркагандардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштеп келген кыргызстандыктар жана алардын арасында катуу жабыркагандар катталган жок. Акыркы маалымат боюнча чочко тумоосуна кабылгандар 27 болду. Бул илдет алгачкы жолу Кыргызстанда август айында катталган.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда A/H1N1 тумоосунун жайылуусу жана андан коргонуу чаралары боюнча эртең маалымат жыйынын өткөргөн атат. (BuS)