Мусулмандардын эң ири уюму Стамбулда жолугушууда

Ал жерде 57 мамлекеттин мүчөлөрү Ислам конференциясы уюмунун жыйынында экономиканы талкуулап, жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн жолдорун сүйлөшүүдө. Буга чейин Евробиримдик Түркиядан “Жыйынга Судандын лидери Омар Ал Баширди чакырбоону” суранган. Анткени ал Судандын Дарфур регионундагы согуш кылмыштары үчүн айыпталып жатат. Расмий Анкара Баширди камай турган ниети жок экенин айткан. Бирок Судан бул саммитке президенти барбай турганын билдирип чыкты.