Мындай пикирин бүгүн “Азаттыкты коргоо кыймылынын” лидери Өндүрүш Токтоназаров билдирди. Анын айтымында Бишкек шаар мэриясы даттанууну каалаган тараптарды тиешелүү мекеме-ишканалардан окчундатуу аркылуу адам укуктарын одоно бузган. Шаар мэриясы “Бишкек шаарында элдик иш-чараларды өткөрүү ордун аныктоо жөнүндөгү” токтому аркылуу жарандарга нааразылык иш-чараларын өткөрүүгө шаардын четиндеги Л. Толстой, Термечиков, М. Алыбаев, Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты чектеген.
Бул токтомдун негизинде бүгүн Өндүрүш Токтоназаров аталган сейил бакта эки саат нааразылык акциясын өткөрдү. Ал “Саясий куугунтуктарды токтотуу”, “Азаттык” үналгысын эркин уктурууга жол ачуу” талаптары менен чыкты. Токтоназаровдун айтымында анын акциясын алты киши колдоп чыкты. “Ошол эле мезгилде мэрия белгилеген сейил бакты таппай, убара болгон жөнөкөй жарандар да, журналисттер да арбын болду” деди ал.
Өндүрүш Токтоназаров ошондой эле “Азаттыкты” коргоо кыймылын” былтыр 14-апрелде негиздегенин жана анда 800гө жакын мүчө барын кошумчалады. (BuS)