Президент Турдакун Усубалиевди куттуктады

Бүгүн А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанатуу жыйын өттү. Анда президент К.Бакиев Турдакун Усубалиевдин 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык орчундуу кызматтарды ээлеп, Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан мамлекет катары торолуп, бутуна турушунда сиңирген эмгеги зор экендигин белгиледи.

“Биздин азыркы муундагы жетекчилер жана жаш менеджерлер Турдакун агабыздын мыкты касиеттеринен өрнөк алууга тийиш деп ойлоймун. Кыргызстандын элитасы Турдакун агабыздан кантип жылдар бою бузулуп кетпей, булганбай, ар кандай азгырыктарга алдырбай, жан-дүйнөсүн адал, эл алдында жүзүн, абийирин таза сактап калуунун үлгүсүн үйрөнүүгө тийиш”,-деди президент сөзүнүн соңунда. Салтанатта президент Турдакун Усубалиевге “Мицубиси Паджеро” маркасындагы унааны белек катары тапшырды.

Турдакун Усубалиевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымын эске алуу менен анын 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча президенттин атайын буйругу менен комиссия түзүлгөн. Мындан тышкары мамлекеттик ишмердин саламаттыгына кам көрүп, президенттин резервдик фондунан 865 миң сом бөлүнгөн. (AzK)