Министрлер парламентте ант беришти

Парламенттеги ант берүү аземинде өзгөчө кырдаалдар министри - Камчыбек Ташиев, транспорт жана коммуникация министри - Нурлан Сулайманов, Айыл чарба министри – Искендербек Айдаралиев , энергетика министри - Ильяс Давыдов , Билим берүү жана илим министри - Абдылда Мусаев, Саламаттык сактоо министри – Марат Мамбетов, мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов, эмгек, ишке орношуу жана миграция министри - Айгүл Рыскулова, экономикалык тескөө министри - Жеңишбек Байгуттиев, жаратылыш ресурстары министри - Капар Курманалиев Кыргызстандын элине ак ниети менен кызмат кылууга, Конституцияны жана башка мыйзамдарын ыйык сактап, коргоого ант беришти. Алар берген антты бузган учурда мыйзамдын алдында жооп беришерин айтышты. (AJ)