Бакуда кылмыштуу топ мүчөлөрү соттолду

Азербайжан соту терроризм үчүн айыпталган 26 кишини түрмөгө кести. Кылмыштуу топ август айында Бакудагы борбордук мечитке гранаталарды ыргыткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Жарылуудан бери дегенде 2 киши ажал тапкан. Ондогон адам жараат алган.