Ысык-Көл областынын 70 жылдык мааракесинин алкагында, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасы областтын бардык мектептерине жана китепканаларына жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги 8 томдук чыгармалар жыйнагын тапшырды. Китептерди тапшыруу аземи Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда өттү.
Ысык-Көл областындагы билим берүү системасынын координатору, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Доктургүл Кендирбаеванын айтымында, учурда областтагы мектептерде мамлекеттик тилдеги китептер жетишпейт. Ошондуктан мындай белек алар үчүн чоң колдоо болуп саналат. Ысык-Көл областында жалпы 194 мектеп бар. (AzK)