Абдулла Карзайдын президенттигин "мыйзамсыз" деди

Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри АбдуллаАбдулла Хамид Карзайдын бийлигин “легитимдүү эмес, ал өлкөдө коррупция менен күрөшө албайт” деп айтты: "Карзайды президент деп шайлоо чечими “мыйзамсыз” болду жана ушундай жол менен келген өкмөт мамлекетте мыйзамдын аткарылышын жана административдик коррупцияга күрөштү камсыздай албайт", - деп айтты Абдулла.
Ооганстанда 7-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтмөк. Ага аттанып жаткан Абдулла айрым талаптарын бийлик аткарбай койду деп, шайлоого катышпасын айтып чыккан. Ошондо өлкөнүн Шайлоо комиссиясы жалгыз калган талапкер Хамид Карзайды президент деп жарыялады. Абдулла болсо комиссиянын чечимин “мыйзамсыз” деп атап жатат.