Кыргызстанда 7 киши чочко тумоосуна чалдыкты

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Москва-Бишкек поезди менен келген 10 кишинин тумоолоп калганы айкындалып, алардын бардыгы ооруканага жаткырылган. Текшерүүдө 7 кишиге чочко тумоосу жукканы аныкталган. Алардын баары ооруканга жаткырылып, учурда дарылоо иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин Кыргызстанда төрт кишиге чочко тумоосу жукканы аныкталып, алар дарыланып чыккан эле. (AiT)