“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын соту болот

Алтын казуучу Канадалык ишкананы цианидден жабыркаган Барскоон айлынын 29 тургуну сотко берген. Алар ишканадан ден соолугунан ажыраганы үчүн ар бирине 1 млн. сомдон компенсация талап кылышууда. Барскоондуктардын таламын талашуучу “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча соттук териштирүү Бишкектеги Октябрь райондук сотунда болот.

1998-жылдын 20-майда Кумтөр алтын кенине цианид тартып бараткан жүк ташуучу машина көпүрөдөн кулап кеткен. Натыйжада 1700 килограмм цианид Барскоон суусу аркылуу Ысыккөлгө төгүлгөн, мындан жергиликтүү эл, жаратылыш жабыркаган.(ZKo)