Лейлекте чек арадагы эмгек миграциясы талкууланат

“Чек арадагы эмгек миграциясын жөнгө салууда мамлекеттик бийлик органдарынын аракеттери: Кыргызстан жана Тажикстан” аттуу эл аралык конференция Баткен областынын Лейлек районунда өткөрүлгөнү жатат. Анда бул проблема боюнча буга чейинки жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөтүлүп, баяндамалар окулуп, көйгөйдү чечүү механизмдери талкууланат. Иш чара Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги, Баткен областынын мамлекеттик администрациясы, ЕККУнун демилгеси менен уюштурулуп жатат. Ага Тышкы иштер министрлигинин, укук коргоо органдарынын, Тажикстандын тиешелүү кызматынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Конференция 5-ноябрда болот. (AzK)