Каражич Сребреницадагы кыргын үчүн айыпталды

Дүйшөмбүдө БУУнун согуш трибуналы босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичке 1995-жылы Сребреницадагы кыргынды уюштурган деген айып такты. Анклавда 8 миңдей мусулман эркек жана өспүрүм өлтүрүлгөн. Каражич коргонууну даярдоо үчүн ага дагы 8 ай убакыт керек деп, сотко катышуудан баш тартууда. Соттун төрагасы О-Гон Хвон Каражичтин бойкоту процесске жолтоо кылуу араккетине тете деп эскертти. Каражич өзүн өзү коргоону чечкен. Ага тукум курут жана согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыш деген бардыгы болуп 11 айып тагылууда.