БУУнун башкатчысы Ооганстанда жүрөт

Пан Ги Мун Кабулга президенттикке талапкерлердин бири шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткандан кийин түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн келди. Ал президент Хамид Карзай жана анын атаандашы Абдулла Абдулла менен кездешет. Абдулла өлкөдө шайлоо адилет өтүшүнө кепилдик жок экенин жүйөө кылып, жарыштан чыгаарын кечээ жарыялаган.

Бул жарыядан соң Хамид Карзай Ооганстандын шайлоо комиссиясын алдыдагы ишембиге белгиленген экинчи айлампаны өткөрүүнүн кажети бар же жоктугун чечүүгө чакырды.

Ал эми шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү Улуттар уюму колдогон даттануу комиссиясы 20 –августагы биринчи айлампада добуштар азыркы президент Хамид Карзайдын пайдасына массалык түрдө бурмалангандыгын аныктагандан кийин зарыл деп табылган эле.