Митингдер жөнүндөгү мыйзам долбоору - талкууда

Акыйкатчы институту жана анын алдындагы укук коргоочулар тобу “Атуулдардын тынч жыйынга чогулуу, куралсыз митинг жана демонстранцияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун жер-жерлерде талкуулоого киришти. Бул күндөрү талкуу Ысык-Көл аймагында өтүүдө. Жер-жерлердеги талкуулардын жыйынтыгы боюнча жаңы иштелип чыккан долбоор парламенттин кароосуна сунушталмакчы. Бул тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтон маалымдашты. Былтыр кабыл алынган ушундай аталыштагы мыйзам жарандардын укуктарын чектеди деп, жергиликтүү, эл аралык уюмдардын кескин сынына кабылган. Сын-пикирлердин негизинде кайра мыйзам иштеп чыгууну президент Курманбек Бакиев акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган топко тапшырган.

Жумушчу топтун маалыматына караганда мыйзам долбооруна Венеция Комиссиясы менен ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу өзүнүн оң баасын берди. (BuS)