Бишкекте дүйнөлүк экономикалык кризис талкууланат

Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азия аймагынын экономикасына арналган атайын программасынын алкагында өтүүчү экономикалык форум 12-13-ноябрда болмокчу. “Дүйнөлүк экономикалык кризистин залакаларын жумшартууда регионалдык кызматташтыктын мааниси” аттуу форумга Борбор Азиядагы мамлекеттердин экономисттери, адистер, окумуштуулар келишмекчи. Бул тууралуу БУУнун маалымат кызматы билдирет. (IJz)