Эл аралык Хюман Райтс Вотч укук коргоо уюму билдиргендей, кесиби боюнча биолог Андрей Затока айлана-чөйрөнү коргоо бейөкмөт уюмун жетектеп келген, өкмөт ал уюмду 2003-жылы жаап салган. Андрей Затока өткөн аптада Дашогуз шаарындагы базарда белгисиз бирөө ага кол салганда андан коргонууга аракет кылган жеринен кармалып, абакка отургузулган болчу. Сотто ага мыйзамсыз курал-жарак соодалаган, алып жүргөн деген кинелер тагылды. Ага Түркмөнстандан кетүүгө тыюу салынган эле.