Бишкекте балдар дарыгерлеринин курултайы ачылат

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Эки күнгө созула турган акушер-гинеколог, балдар дарыгерлеринин курултайында энелердин, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден-соолугун коргоо маселеси көңүл борборунда болмокчу. Ошондой эле аз кандуулук, богок проблемаларын чечүү жолун да талкуулашат. Кыргызстанда акыркы айларда төрөттөн энелердин көп өлүшү боюнча жаңжалдар чыгып, бир катар төрөт үйлөрдүн башкы дарыгерлери кызматтан алынышкан.(AiT)