ЮСАИД билим берүү тармагына жардам көрсөтүүдө

ЮСАИД “Сапаттуу билим” долбоорунун алкагында Кыргыз билим берүү академиясына заманбап компьютердик жабдууларды, тандалма предметтик адабияттарды жана жакшыртылган окутуу модулдарын бермекчи. 2009-жылдан тартып аталган долбоор Кыргыз билим берүү академиясынын педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борбору менен иштешип келет. Анын натыйжасында башталгыч класстардын математика, мекен таануу, 5-11-класстардын кыргыз тил, адабият мугалимдери үчүн кесиптик өркүндөтүү курстары кайра ачылган. ЮСАИДдин “Сапаттуу билим” долбоору Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы башталгыч жана орто билим берүүнүн сапатын жакшыртууга арналган беш жылдык долбоор. (КЕ)