Кубанын мурдагы жетекчиси Фидел Кастронун карындашы 1960-жылдардын башында АКШнын чалгындоо мекемеси - ЦРУ менен агасына каршы кызматташканын жазып чыкты. Жакында басып чыккан китебинде Хуанита Кастро ЦРУ үчүн 3 жыл иштегенин баяндайт. 76 жаштагы Хуанита 1959-жылы диктатор Батиста режиминин агасы тарабынан төңкөрүлүшүн адегенде колдоп, бирок тез эле көңүлү калган. ЦРУ китепте айтылган маалыматтарга жооп берген жок.