ОшМУнун студенттери митингге чыкты
![](https://gdb.rferl.org/a34b638f-ccf9-4f34-b4a1-a7e1d73b1658_w1080_r0_s.jpg)
ОшМУнун студенттери митингге чыкты - 26-октябрда эртең менен Ош мамлекеттик университетининин алдына бул окуу жайдын миңге чукул студенти нааразылык акциясына чыкты
![](https://gdb.rferl.org/afd997a2-0cb2-4f73-b050-33d7935d323b_w1080_r0_s.jpg)
ОшМУнун студенттери митингге чыкты - Алар окуу жайдын жетекчилигине келишим акысын төмөндөтүү, жатаканаларда шарттарды оңдоо талабын коюшту.
![](https://gdb.rferl.org/758e09d3-d514-40f6-8848-7f61bee101bc_w1080_r0_s.jpg)
ОшМУнун студенттери митингге чыкты - Студенттер "Бул талаптар аткарылбаса ректор кетсин" деген да талап коюшту
![](https://gdb.rferl.org/ae799726-9f25-4861-be91-3510d4065084_w1080_r0_s.jpg)
ОшМУнун студенттери митингге чыкты - Окуу жайдын жетекчилиги нааразылык билдирген студенттерге имараттын ичиндеги жыйындар өтүүчү жайда сүйлөшүүнү сунуштады
ОшМУнун студенттери митингге чыкты - Бирок студенттер андан баш тартып, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругусуз келишим акы төрт миң сомго көбөйтүлгөнүнө нааразылыктарын билдиришти.
ОшМУнун студенттери митингге чыкты
ОшМУнун студенттери митингге чыкты - Натыйжада окуу жай жетекчиси Муктар Орозбеков нааразылыкка чыккандардын алдына чыгып, бүгүндөн тарта жатакана баасы 4 миң сомдон 3 миң сомго арзандай турганын, окуу үчүн келишим акы да мурдагы баасынан бир кыйла төмөндөөрүн убада кылды.
ОшМУнун студенттери митингге чыкты - Мындай убададан соң митингге чыккан студенттер тарап, бирок эгерде бир жуманын аралыгында талаптар аткарылбаса сабакка катышуудан баш тартышып, ачкачылык жарыялоого чейин барышаарын маалымдашты.