26-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Руслан Казакбаев, статс-катчы Асеин Исаев, орун басарлар Эрмек Ибраимов менен Бактыгүл Каламбекова ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)