БЭК Бакиевдин реформасы тууралуу жыйын курду

Бул тууралуу “Азаттыкка” БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев маалымдады. Анын айтымында, БЭКтин жыйынында өлкөдөгү акыркы коомдук-саясий абал талкууга алынып, оппозиция лидерлери негизги үч маселе боюнча коомчулукка билдирүү таратууну чечишкен. Билдирүү Курманбек Бакиевдин реформасы, “Камбар-Ата ГЭСтери тууралуу жакында кабыл алынган мыйзам жана Петровка чатагы менен Балыкчы окуясындагы саясий куугунтуктарга байланыштуу болмокчу. Анын мазмуну менен коомчулук кийинки жумада тааныша алат деп билдирди Текебаев. (SA)