Чубак Абышкаев аскер сотунун төрагасы болуп калды

Бул тууралуу жардыкка КР президенти К. Бакиев бүгүн кол койду. Ал буга чейин Чүй облустук сотунун төрагасы болуп иштеген. Мамлекет башчынын дагы бир жардыгы менен аскер сотунун мурдагы төрагасы Дастан Айжигитов Чүй облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды.

Оппозиция Ч. Абышкаевдин аскер сотунун төрагалыгына дайындалышы И. Исаковдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүүнү бийликке ылайыктуу чечүү максатында болду деп билдирүүдө. Ч. Абышкаев 2002-жылы КР Башкы прокурору болуп турган учурда ЖК ошол кездеги депутаты А. Бекназаровду камоого буйрук бергендиги үчүн кызмат абалынан пайдаланган деген негиз менен Аксы окуясына байланыштуу козголгон үч кылмыш ишинин алкагында сурак берген. 2002-жылдын 17-мартында ЖК мурдагы депутаты А. Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен райондун борборуна нааразылык иш-чара өткөрүү үчүн бара жаткан элди милиция аткылап, натыйжада беш киши каза тапкан.(ZKo)