АКШ жакын апталарда “ооган стратегиясын” сунуштайт

Президент Барак Обама жаңы “ооган стратегиясы” боюнча ишти дээрлик бүтүп калганын Ак Үйдүн расмий өкүлү кечээ кечинде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, кечээ Обама бул боюнча маселени өлкөнүн Ооганстандагы элчиси менен видео-конференцияда талкуулаган. Бейшембиде НАТОнун баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен: “Ооганстан кайрадан “Ал-Каиданын” чоң лагерине айланбашы үчүн коалициялык күчтөр ал жакта аракеттерин күчөтүшү зарыл”, - деп билдирди. Бириккен улуттар уюму болсо Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн бюллетендер айыл-кыштактарга жеткирилип жатканын кабарлады.