Бул туурасында Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымат тараткан. Маалыматка ылайык, өткөн жума райондун борбордук бөлүгүнөн удаа үч адамдын өлүгү табылган. Бул окуядан кийин райондо мыкаачы пайда болду деген коркунуч жаралган. Себеби киши колдуу болуп өлгөн үч адам тең өтө катуу токмоктолгон. Бирок Сокулук ИИБнин начальнигинин орун басары Нурбек Калыковдын белгилешине караганда, эки күндөгү үч өлүктүн бири- бирине байланышы жок. Учурда эки адамды удаасы менен өлтүргөн кылмышкер колго түшкөн болсо, экинчи күндөгү аялды тоноп өлтүргөн кылмышкер да табылган. Негизинен Чүйдүн Сокулук аймагы адам өлүгү эң көп табылган район болуп эсептелет. (JJ)