Петровка чатагы боюнча сот уланды

Петровка чатагы боюнча Москва райондук сотунда болуп жаткан соттук жараянда бүгүн Петровка айлынын мурдагы айыл өкмөт башчысы көрсөтмө берди. Ал баш-аламандык болгон күнү ден соолугуна байланыштуу чатак болгон жерге барбаганын, аны уюштургандарды да билбегенин айтты.

Бүгүнкү соттук териштирүүгө “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган партиянын бир катар активисттери катышууда.(ZKo)