Бүгүн Петровка чатагы боюнча сот уланат

Айыпталып жаткандар менен алардын коргоочулары сотко президенттик администрация башчысы Данияр Үсөновду жана ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди күбө катары чакырууну сурап жатышат. “Жашылдар” партиясынын маалымдашынча, буга чейин бир топ жабырлануучулар суралган. Алардын бирөө да камакка алынгандарга каршы көрсөтмө берген эмес. 26-апрелде Петровка айылында күрт улутундагы жигит төрт жашар кызды зордуктады деп жаалданган жергиликтүү эл айылдагы күрттөрдүн көчүп кетишин талап кылышкан. Тополоңду уюштурган деп шектелип Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловдор кармалган болчу. (EBM)