Кыргыз өкмөт башчысы Кытайдан насыя сурады

Бүгүн Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында премьер-министр Игорь Чудинов Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао менен жолугушту. Анын учурунда Чудинов Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн жеңилдетилген насыя сурады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Игорь Чудинов ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Сары-Жазда ГЭС, Кара-Кече көмүрүн казуу жана башка долбоорлорун турмушка ашырууга Кытай тараптын көңүлүн бурган. Игорь Чудиновду бүгүн Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао кабыл алып, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүн ийгиликтүү катары баалаган. (AiT)