Казакстанда кыргыз жарандары автокырсыкка кабылды

Казакстандын маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, 14-октябрда таңга маал Караганда облусунун Актогай районунда кыргыз жарандары бар “Тойота-Превия” автоунаасы кырсыкка учураган. Анда 9 киши болгон. Кырсык болгон жерде 8 киши каза болгону кабарланууда. Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин бул кырсык боюнча азырынча кабары жок.(AiT)