“Кылым шамы” бейөкмөт уюму тарабынан буга чейин пикет-митингдер учурунда милиция тарабынан кармалып жүргөн, саясий активдүү жаштарга “Өз укугуңду бил” деген темада тренинг өткөрмөкчү. Бүгүн баштала турган эки күндүк тренингде тажрыйбалуу укук коргоочулар жарандардын тынч, куралсыз жыйындарга чогулуу эркиндиги, митинг-пикет учурунда милиция кармаган учурда, андан кийинки сот жараяны убагындагы укуктары боюнча сабак өтүшөт. Тренингге жалпысынан жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жаш канаттарынын лидерлери жана саясий активдүү жаштар катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунан кабарлашты.
Жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын, айрым саясий партиялардын мүчөлөрү 2007-жылдын декабрь айында болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүк билдирген учурда камакка алынышып, алды 15 күнгө, аркасы 3 күнгө камалып чыгышкан. Бул көрүнүш өлкөдөгү ар кандай ири саясий иш-чаралар учурларында кайталанып келет.(ZKo)