Бишкекте велосипедчилерди маршы болот

“Вело-Бишкек” велосипедчилердин демилгечи тобу таза шаар идеясынын алкагында велосипедди зыянсыз, жолдо жүрүүгө ыңгайлуу унаа каражаты катары пропагандалоо максатын көздөшөт. Алар велосипеддин женилдиги, күйүүчү май талап кылбагандыгы, жолдо көп орунду ээлбегендиги, айлана чөйрөнү уулуу заттар менен булгабагандыгы сыяктуу бир катар пайдалуу жактарын шаар тургундарына көрсөтүүгө кызыкдар. Иш чара 10-октябрда өткөрүлөт. Мындай марш Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу уюштурулуп жатат. (AzK)