“Ак жол” Андаш кенин карайт

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 7-октябрда “Ак жол” фракциясынын жыйынында Андаш алтын кенинин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча депутаттык комиссия маалымат берет. Комиссиянын төрагасы депутат Сергей Ибрагимов. Андан сырткары фракция жыйынында Нура айылында үйлөрдү куруу,Бишкек-Торугарт жолу боюнча келишимди ратификациялоо маселелери бар.(AiT)