Мугалимдер урматына салтанаттуу жыйын башталды

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда мугалимдер күнүнө байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Ага президент Курманбек Бакиев катышып, өз кесибинде ийгиликтерге жетишкен мугалимдерге сыйлык тапшырылууда. Кыргызстанда азыр 72 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Учурда мектептерде үч миңден көбүрөөк мугалим жетишпейт. (EBM)