Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленет

6-октябрда Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленет. Буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Салтанаттуу жыйынга президент Курманбек Бакиев катышып, алдыңкы мугалимдерге сыйлык тапшырылат.(AiT)