Т. Тургуналиев: И.Өмүркуловго кезек келиши мүмкүн

БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев акыркы саясий кырдаал боюнча маалымат жыйынын уюштуруп, анда бийлик БЭКти саясий айдыңдан сүрүп чыгаруу аракеттерин улантууда деп билдирди. Тургуналиевдин билдиргенине караганда Балыкчы окуясы боюнча өтүп жаткан соттук териштирүүдө сот, прокуратура, коопсуздук кызматы айыпталуучуларга мыйзамсыз айыптарды тагууга көшөкөр аракетин улантууда.
Балыкчы окуясы боюнча 15-сентябрдан бери 19 кишинин кылмыш ишин Балыкчы шаардык соту териштирип жатат. Аларга баш аламандык уюштурууга аракет кылды, конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоого тоскоол болду деген айыптар тагылууда. Бул окуяны уюштурду деп саналган СДП фракциясынын депутаты Кубанычбек Кадыров кол тийбестик укугунан ажыратылып, Башкы прокурордун тергөөсүндө болууда.
Т. Тургуналиев бийлик Кадыровдун артынан СДП фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркуловдон депутаттык кол тийбестикти алуу аракетин башташы мүмкүн деп болжоду. Буга чейин Өмүркуловго каршы да кылмыш ишин козгоо аракеттери көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. (BuS)