Жаңылыктар Ооганстандагы жардырууда 30 тургун набыт болду 29-Сентябрь, 2009 Кандагарда жолго коюлган минадан автобус атылып кеткен. Өлгөндөрдүн арасында 10 жаш бала, жети аял да болгону кабарланды. 39 адам жаракат алыптыр. Бийликтер бул үчүн талиптерди айыпташты, бирок талиптер азырынча жардырууну моюнга алыша элек.