Ө.Токтоназаров ЕККУнун Бишкек борборуна кайрылды

“Азаттык” үн алгысынын угармандары кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров ЕККУнун Бишкектеги борборуна “Азаттык” үн алгысын жеке үн алгылар аркылуу эмес УТРКнын I же II каналдары аркылуу сапаттуу жыштыктан уктурууга, “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” теле долбоорун улуттук каналдан чыгарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирди. Өтүнүч катта кыргыз бийлиги бийик трибунада демократия, сөз эркиндиги, адам укуктары деп өтө кооз сүйлөгөнү менен иш жүзүндө буларга тескери мамиле жасап жатканы белгиленген.

Бул маселе боюнча УТРКнын башкы директору Мелис Эшимканов Өндүрүш Токтоназаровго жооп кат жолдоп, анда учурда “Азаттык” менен жаңы макулдашуу тууралуу маселе каралып жатканын, УТРК өз ара пайдалуу шарттарда кызматташууга дайыма даяр экендигин билдирген.

УТРК “Азаттыктын” теле жана радио программаларын өткөн жылы 9-октябрда токтоткон. (AJ)