Бишкек шаар кеңешинин сессиясы башталды

Шаардык кеңештин депутаттары бүгүнкү отурумда 14 маселени карашмакчы. Алар Бишкек шаарынын 2008-жылдагы бүджетинин аткарылышын, келерки жылдын бүджетине өзгөртүү киргизүү, “Ысык-Көл” кинотетарына байланыштуу маселени, анын жанындагы 3,26 га. жерди жаңы борбордук мечит куруу үчүн мусулмандар башкармалыгына узак мөөнөт менен ижарага берүүнү карашат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен “Азаттыкка” билдиришти. (AJ)