Fars маалымат агенттиги жана Press TV телеканалы Сежил деген ракета учурулганын кабарлап, ошол эле маалда ал канчалык ийгиликтүү болгонун айтышкан жок. Ислам революциясын коргоо бөлүктөрү ошондой эле "Шахаб-3" ракеталарын сынаган. Ракета 2 миң километр алыстыктагы буталарга чейин уча алат. Ушул эле машыгуунун алкагында орто аралыкка учуучу "Шахаб-1" жана "Шахаб-2" ракеталары сыноодон өткөрүлгөн. Генерал Хусейин Салами машыгуу Иран армиясы башка өлкөлөр туудурган аскерий коркунучка туруштук бере алаарын далилдеди деп билдирди. 1-октябрда Тегерандын өкүлдөрү БУУнун Коопсуздук кеңешине кирген турктуу 5 мүчө мамлекет жана Германиянын расмий адамдары менен сүйлөшүү өткөрүшмөкчү.